Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары активдештирүүнүн зарылчылыгы белгиленди.

Казакстандын мамлекет башчысы эки тараптуу мамиленин динамикасына канааттангандыгын белгиледи.

Президент Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди расмий сапар менен ушул жылдын май айында Казакстанга келип кетүүгө чакырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстан Республикасына расмий сапарына чейин тараптар ушул жылдын апрель айында Өкмөт жетекчилеринин деңгээлинде Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Алмазбек Атамбаев чакырууну кабыл алды жана эки өлкөнүн элин тарыхый терең тамырлар байланыштырып тургандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы өз кезегинде Казакстандын Президентин үстүбүздөгү жылдын август айында өткөрүлө турган түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин Саммитине катышууга чакырды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Президент Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын жай айларында расмий сапар менен каттайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 19-март