Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жанторо Сатыбалдиев демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча ОБСЕ бюросунун директору Янез Ленарчич менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча ОБСЕ бюросунун директору Янез Ленарчич менен жолугушту.

Жантөрө Сатыбалдиев ОБСЕ коомду демократиялаштыруу, жарандык секторду чыңдоо чөйрөсүндө жетишкендиктерине кошкон салымын белгилеп, Кыргызстан быйыл ушул уюмга толук кандуу мүчө болуп киргендигинин 20 жылдык маарекесин белгилээрин айтып өттү.

“Сиздердин уюмга Кыргызстандын Президентин шайлоого байкоочуларды жөнөткөндүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. ОБСЕнин консультативдик көмөктөшүүсү, эксперттик баалоосу жана сунуштары өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн маанилүү элементи болуп саналат”,-деп баса белгиледи.

Ошону менен бирге, өлкөдө өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолордо уюштуруучулук-техникалык проблемалар учурагандыгы айтылды.

“Биздин пикирибиз боюнча шайлоо процессинин негизги кемчилиги шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоо участкаларынын кызматкерлеринин даярдыгы болду”,-деди Жантөрө Сатыбалдиев. Мына ушуга байланыштуу ОБСЕ тарабынан шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн заманбап технологияларды пайдаланууну кошо камтыган тренингдерди уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушталды. 

Өз кезегинде демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча ОБСЕ бюросунун директору өзүнүн сапарынын негизги максаты тууралуу маалымдады. “Биздин негиги максатыбыз – президенттик шайлоо боюнча акыркы отчетту тартуулоо жана мамлекеттик структуралардын бул боюнча сунуштарын жана пикирлерин угуу. Биздин пикирибиз боюнча шайлоо өнөктүгү ачык-айкын, негизги эркиндикти урматтоо менен өткөрүлдү”,-деп белгиледи Янез Ленарчич. Ошол эле учурда дипломат мамлекет башчысынын сот реформасын өткөрүү боюнча аракеттерин жогору баалады жана Кыргызстан өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүн реформалоо боюнча тандап алган багытынан тайбастыгына ишенимин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 20-март