Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев табият кырсыктарынан каза тапкан адамдардын жакындарына көңүл айтты

“Акыркы күндөрдө Кыргызстаныбызда бир нече табият кырсыктары болуп кетти. Бишкек-Ош автожолунда кар көчкүсүнүн алдында калып каза тапкандар жөнүндө суук кабардын изи сууй электе, Кара-Кулжа районундагы Жан-Чукур участогунда, Алай районундагы Нура айылында жаш балдардын кар алдында калганы тууралуу кабар кабыргабызды кайыштырды.
    Урматтуу элим, каза тапкан адамдардын жакындары, ата-эне, тууган-туушкандары! Табият кырсыгы айттырбай келет экен. Кайрат кылыңыздар! Бул Сиздердин эле эмес, биздин да, жалпы элибиздин башына түшкөн кайгы. Орду толбос жоготуулардын арты кайрылуу болсун!
Биз сиздер мененбиз!”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 20-март