Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын шайланган Президенти Владимир Путин менен жолугушту

2012-жылдын 20-мартында Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын шайланган Президенти Владимир Путин менен жолугушту.  

 Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди Россиянын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

Владимир Путин бул күнү Кыргызстан менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугуна 20 жыл болгондугун баса белгиледи: “Биз бири-бирибизди куттуктаганга шылтоо бар. Биз туура кылганбыз, алка-катыштарыбызды арттыруудабыз, бир-бирибизге көмөктөшүүдөбүз. Мага Сиздин Кыргызстандын Россия менен эле эмес, ошондой эле Бажы союзу, бирдиктүү экономикалык мейкиндик менен жакындоосу боюнча позицияңыз белгилүү”,- деди ал. 

“Биз үчүн Россия – стратегиялык өнөк. Алдыда бизде кызматташуунун жаңы деңгээли болуусу кажет”,- деди Алмазбек Атамбаев. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин мындан аркы экономикалык интеграция үчүн иш жүзүндөгү кадамдарды талкуулашты. 

Тараптар Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү секторлорундагы мурда жетишилген инвестициялык келишимдерди тез арада жүзөгө ашыруунун зарылдыгын, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы интеграциялык процесстердин маанилүүлүгүн белгилешти. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 21-март