Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чараларга катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 21-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ала-Тоо аянтындагы Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышып, куттуктоо сөзү менен кайрылды.


Төмөндө мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен  келтирилет:


“Ардактуу мекендештер, калайык-калк!

“Нооруз” Чыгыш элдеринде жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Ата-бабаларыбыз бул майрамды бекеринен тандап алган эмес. Бул майрам күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, түн кыскарарын белгилейт. Ошентип, бабаларыбыз караңгы түндү жарык жеңет деп майрамдачу.
Урматтуу мекендештер!
“Нооруз” майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы болууга тийиш.  Кийинки жылдары элибиз жазды  “тынчтык эле болсо экен” деп үрпөйүп, санаа менен тосо баштаганы жашырын эмес.
Биз митингдерди, шайлоолорду тынч, адилет өткөргөндү үйрөнүп баштадык. Мындан ары “Ноорузду” биз дайыма жаздын, эмгектин, чыныгы биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары гана майрамдообуз керек. Демократиялык Кыргызстанда митинг өткөрүүгө эч ким тыюу салбайт, ошентсе да жазды биз митингдер менен эмес жакшы ийгиликтер менен тосуп алганга өтөлү!
Мына, эртең өлкөбүздө бильярд спорту боюнча дүйнөлүк чемпионат башталып жатат. Мындан ары да жазды митинг, революция менен эмес, дүйнөлүк чемпионат, фестиваль менен тосолук. 
Бул жыл өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү бурулуш жылдардан болушу керек! Биз быйыл жылды өлкөбүздүн бутун тушаган коррупция, улутчулдук, жердешчилик, маңкуртчулук деген балакеттерден тазалоодон баштадык. Чыр-чатактан элибиз чарчап бүттү. Мекенибизди гүлдөтүү үчүн жеңди түрүп иштей турган учур келди.
Ар кимибиз өз ишибизди так жоопкерчилик менен аткарсак эле Кыргызстан бутуна туруп кетет.
“Нооруз” – жаңы башаттардын башталышы. Анткени жазда өрүкзар гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер да бүчүр жарат. “Ноорузда” кош айдап, үрөн сепкен дыйкан мол түшүм тилегендей эле, элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун деп тилейлик. Ылайым бүгүн ар кимдин жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү себилсин!
 Кадырлуу калайык-калк!
“Нооруз” майрамыңыздар менен! Ушул жылы Ала-Тообузда тынчтык, токчулук, береке жана кут уяласын! Мекенибиздин келечеги кең болсун!

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 21-март