Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу зарыл

Бүгүн, 2012-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кар көчкүлөрүнүн жүрүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жеткиликтүү иш жүргүзүлбөй жаткандыгын баса белгиледи. “Тынч мезгилде айрым чиновниктердин шалаакылыгынан улам адамдар каза болушуна жол берүүгө болбойт. Табигат кырсыктарынын кесепеттерин жоюу менен гана алектенбестен, кырсыктын алдын алууга дагы умтулуу керек. Жолдордун татаал участокторунда айдоочулар менен жүргүнчүлөр кырсык болгондо тиешелүү жардамды өз учурунда алгыдай атайын жайларды, пункттарды куруу зарыл”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мындан тышкары Президент автожолдордо көчкүлөрдү атайылап түшүрүү боюнча тиешелүү чараларды күчөтүүгө жана селдердин, суу ташкындарынын алдын алуу боюнча чараларды өз убагында жана натыйжалуу жүргүзүүгө, калк арасында түшүндүрүү иштерин уюштурууга чакырды.

“Жарандардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу зарыл”,- деди мамлекет башчысы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 26-март