Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кар көчкүсүнөн каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жана туугандарына жардам берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кар көчкүсүнөн улам каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана туугандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча бөлүү тууралуу буйрукка кол койду.

Бул буйрукка ылайык, 2012-жылдын 17-20-мартында Ош жана Жалал-Абад облустарында кар көчкүсүнөн улам каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана туугандарына 50 000(элүү миң) сомдон материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом бөлүндү.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 26-март