Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Түрк “Манас” универститетинин Камкордук көрүү кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 27-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын өнүктүрүү министринин орун басары, Камкордук көрүү кеңешинин төрагасы Кемал Маденоглу баш болгон Кыргыз-Түрк “Манас” универститетинин Камкордук көрүү кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Президент эки мамлекеттин ортосундагы маданий-гуманитардык, анын ичинде билим берүү чөйрөсүндө, кызматташууну ийгиликтүү өнүктүрүү кыргыз-түрк достугунун чындалышына олуттуу салым кошуп, аны андан ары өнүктүрүүгө жакшы өбөлгөлөрдү түзөөрүн канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жетекчилиги Кыргыз-Түрк “Манас” универститетинин өлкөнүн жарандарынан квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатындагы ишмердигин жогору бааларын белгиледи. Эл аралык университеттин көптөгөн бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн экономикасына салым кошуп келет. Ошону менен бирге Кыргызстандын социалдык жана экономикалык өнүгүшү үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча адистерди даярдоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштады.

“Кыргызстандын жогорку окуу жайларында реформа жүргүзүүнүн алкагында өлкөбүздүн реалдуу талаптарын канааттандырууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Башка окуу жайлары даярдап чыгарган адистерди окутуунун ордуна экономиканын тармактарында жетишпей жаткан адистерди даярдоо максатка ылайыктуу болмок,”- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө Кыргыз-Түрк “Манас” универститетинин  мындан аркы салымы тууралуу маселелер талкууланды.

Тактап айтканда, Түркия Республикасынын өнүктүрүү министринин орун басары Кемал Маденоглу билимдин сапатын мындан ары жогорулатуу жана эки мамлекеттин реалдуу секторлору менен тыгыз байланыш түзүү боюнча Камкордук көрүү кеңешинин ишмердиги тууралуу мамлекет башчысына маалымат берди. Маселен, Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрү менен бирдикте университеттин окутуучулары Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү боюнча долбоорлорду иштеп чыккан. Мындан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын Премьер-министрлеринин тапшырмасы боюнча 2011-жылдын февраль айында “Манас” университетинде Технопаркты түзүүнүн жол картасы даярдалган.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 27-март