Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын энергетика министри Сергей Шматко менен энергетика тармагында кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулады

Бүгүн, 2012-жылдын 27-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын энергетика министри Сергей Шматко жетектеген Россиянын делегациясын кабыл алды.

Россиянын эң ири энергокомпанияларынын жетекчилеринен түзүлгөн делегация Бишкекке гидроэнергетика жана мунайгаз тармактарында кызматташуу маселелери боюнча деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында келген.

Мамлекет башчысы буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыра баштоонун маанилүү экендигин баса белгиледи. “Бул сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташууну активдештирүүдөгү чечүүчү жагдай болууга тийиш”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Сергей Шматко Россия тарап кызматташууну практикалык нукка алып чыгууга даяр экендигин билдирди. “Россия Кыргызстанда энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга абдан кызыктар. Биз мындан ары аракеттенүүнүн конкреттүү планын иштеп чыгууга даярбыз”,-деп баса белгиледи министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн гидроэнергетика жана мунайгаз тармактарында кызматташуусунун келечектүү багыттары, анын ичинде биргелешкен бир топ долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 27-март