Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы Франциянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисин Тибо Фуррьерди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Франциянын Президентинин Кыргызстанда Франциянын Элчилигин ачуу тууралуу чечимин колдоду жана мындай кадам эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени кыйла жогорку деңгээлге алып чыгаарына ишенимин билдирди.

“2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Кыргызстанда биринчилерден болуп дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачкан Франциянын достук кадамын унутканга болбойт. Бул өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жаңы дем берээрине ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан соода-экономикалык, эң оболу транспорттук коммуникация, кайра иштетүү, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, илим жана технология, машина куруу, тамак аш жана жеңил өнөр жай, туризм тармактарында кызматташууну тереңдетүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берээрин баса белгиледи.

Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Тибо Фуррьер Франциянын бизнесмендери Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго кызыгуу туудуруп жаткандыгын белгиледи. “Биз Кыргызстандагы демократиялык кайра түзүүлөр ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул бүткүл дүйнө үчүн мыкты мисал боло алат. Өткөн жылдан тартып Кыргызстан менен кызматташууга кызыктар болгон француз бизнесмендери мага кайрыла башташты”,- деди Тибо Фуррьер.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 28-март