Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан элдеринин Ассамблеясынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Казакстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Ералы Тугжановду кабыл алды.

Маданияттар аралык диалог жаатында Казакстандын жетишкендиктери  менен Президентти тааныштыруу максатында жолугушуу Казакстан элдеринин Ассамблеясы тарабынан демилгеленген.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстанда  эгемендиктин жылдарында өлкөнүн этностор аралык маданиятты башкарууга мамлекет тарабынан тиешелүү маани берилген эмес, диндер жана этностор ортосундагы карама каршылыктар  Кыргызстандын түштүгүндө кайгылуу окуяларды тутандыруу максатында пайдаланылган. “Учурда кагылышуунун себептери терен талдоодон өткөрүлүп жатат. Кыргызстан ушул сыяктуу апааттарга жол бербөө үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүүгө даяр. Тажрыйба алмашуу  мындай кагылышуулардын жаратылышын терең түшүнүүгө жол ачууга тийиш”-деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн этностор аралык ынтымакташтыгын жана өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо боюнча натыйжалуу саясаттын чаралары талкууланды.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 28-март