Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын Премьер-министри Артур Раси-заде менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 30-мартында,  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Артур Раси-заде менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташуунун келечеги тууралуу маселелер каралды. Тактап айтканда, Бишкекте үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөрүлө турган кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда каралчу маселелерди талкуулашты.
Премьер-министр Президент Алмазбек Атамбаевдин Азербайжанга жасаган расмий сапары эки өлкөнүн ортосунда экономикалык алаканы өнүктүрүүгө жакшы түрткү берээрине терең ишенээрин билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 30-март