Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Гейдар Алиев фондунун иши менен таанышты

Бүгүн, 2012-жылдын 30-мартында, Баку шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Гейдар Алиев атындагы фонддуy иши менен таанышып чыкты.
Мамлекет башчысы Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен анын өмүрлүк жары Мехрибан Алиеванын коштоосунда музейдин экспозициясы менен таанышты.
Алмазбек Атамбаевге Гейдар Алиев атындагы фонддун ишмердиги тууралуу айтып беришти. Фонд ишке ашырып жаткан долбоорлордун арасында мектептерди жана интернаттарды куруу жана реконструкциялоо, китепканаларды, маданий борборлорду түзүү иштери камтылган. Мындан тышкары фонд түрдүү ооруларга чалдыккандарга,оорусу катуу адамдарга көмөк көрсөтөт.

Президент Алмазбек Атамбаев Эскерүү китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 30-март