Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду

Төмөндө кайрылуунун тексти толугу менен келтирилет:
«Урматтуу Алмазбек Шаршенович,
Менин Россия Федерациясынын Президентинин кызматына шайланышыма байланыштуу жылуу куттуктоо жолдогонуңуз үчүн Сизге ыраазычылык билдирем.
Эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин копмлекстүү чечүү үчүн  Сиз менен активдүү иштешүүнү улантууга даярмын. Россия-Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүгү өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы чыңдала берээрине ишенем.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бардык жакшылыктарды каалайм.
Урматттоо менен, В.Путин»

2012-жыл 2-апрель