Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейкти кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 2-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШнын маамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Роберт Блейкти кабыл алып, Кыргызстан менен АКШынын ортосунда мындан ары кызматташуунун маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан АКШ менен узак мөөнөттүү, өнөктөштүк жана достук мамиле күтүүгө кызыктар” экендигин белгиледи. АКШнын республикадагы аскерлеринин жайгашуусу боюнча маселеге келгенде мамлекет башчысы 2014-жылдын жай айларынан тартып, “Манас” аэропортунда аскерлерсиз жарандык жүктөрдү ташуу боюнча борбор түзүүлүүгө тийиш экендигин эске салды.

Өз кезегинде Р.Блейк Кыргызстандын Борбордук Азия регионундагы, айрыкча Афганистанда тынчтык турмушту калыбына келтирүү жана экономикалык кайра жаралуу маселесиндеги ролуна жогору баа берип, АКШынын жетекчилеринин атынан Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун, ыңгайлуу инвестициялык шарттарды түзүү, азыркы замандагы терроризм, экстремизм сыяктуу коркунучтарына каршы күрөштө көмөк көрсөтүү маселелерин дагы талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев менен Роберт Блейк соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун алкагын кеңейтүү, анын ичинде Кыргызстандын регионалдык долбоорлорун ишке ашырууда АКШнын катышуусунун зарылчылыгын белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 2-апрель