Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Дмитрий Медведевке Тюмендин жанындагы авиакырсыкка байланыштуу көнүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевге Тюмендин жанындагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

Телеграммада мындай деп белгиленет:
«Тюмендин жанындагы авиакырсыктан улам ондогон адамдар каза тапкандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза тапкандардын туугандарынын жана жакын адамдарынын кайгысын тең бөлүшүү менен чын дилимен чыккан көңүл айтуу сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм, бул трагедиянын натыйжасында жапа чеккендердин адамдардын баардыгы тезирээк сакайып кетишин каалайм».

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 2-апрель