Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорджанын Кыргызстанга расмий сапары башталды

Бүгүн, 2012-жылдын 3-апрелинде, саат 9.00дө Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорджанын самолету Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортуна келип конду. 

Жогорку мартабалуу мейманды самолеттун трапынан Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев тосуп алды.

Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорджанын Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында саясий жана соода-экономикалык багыттагы бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу, эки мамлекеттин ишкерлеринин катышуусу менен кыргыз-монгол бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорджа менен жолугушат.

Мындан тышкары, расмий сапардын алкагында Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорджа Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу болжолдонууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 3-апрель