Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдоржды расмий тосуу салтанаты өткөрүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу боюнча Кыргызстанга расмий сапар менен келген Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдоржду расмий тосуу салтанаты өткөрүлдү.

Бул расмий сапар Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда дипломатиялык мамиленин түзүлүшүнүн 20 жылдыгына карата уюштурулган.

Эки мамлекеттин желектеринин алдында жогорку мартабалуу меймандын урматына ардактуу күзөт тизилген.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдоржды тосуп алды. Ардактуу күзөттүн башчысы Монголиянын Президентине рапорт берди.

Кыргызстан менен Монголиянын мамлекетик гимндери жаңырып, мамлекет башчылар ардактуу күзөттүн катарын кыдырып чыгышты. Монголиянын Президенти жоокерлер менен учурашты.

Мамлекет башчылары бири бирине Кыргызстан менен Монголиянын өкмөттүк делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. 

Ушул маалда Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 3-апрель