Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту.

Жогорку мартабалуу мейманды  тосуп алып жатып, Президент Алмазбек Атамбаев  Монголиянын Президентинин сапары мамлекеттер аралык мамиленин тарыхында маанилүү окуя экендигин, эми ага азыркы сүйлөшүүлөр  жаңы дем берүүгө тийиштигин белгиледи.

“Биз көптөгөн багыттар боюнча  кызматташуубузду өнүктүрүүгө тийишпиз. Сиздин бул сапарыңыз эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берээрине ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирүү менен, Президент Цахиагийн Элбэгдорж  соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактартарда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоого Монголия даяр экендигин ырастады.

“Мен Кыргызстанга расмий сапара менен келгениме абдан ыраазымын. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер мындан ары чындала берет деп ишенем”,-деп баса белгиледи Монголиянын Президенти.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-монгол кызматташуунун абалы жана келечеги тууралуу ой бөлүшүп, ортодогу макулдашуулар менен келишимдерди ишке ашыруу жаатындагы негизги багыттарды талкуулашты.

Андан соң сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн расмий делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 3-апрель