Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдордж биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү

Бүгүн, 2012-жылдын 3-апрелинде, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Монголиянын  Президенти Цахиагийн Элбэгдордж биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Алмазбек Атамбаев Монголиянын  Президенти эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Монголиянынын тарыхий тамырлары бир экендигин  баса белгиледи. “Элдерибиздин тарыхый мурастарын изилдөө максатында биргелешкен экспедиция  уюштуруу боюнча макулдаштык”,- деди Алмазбек Атамбаев. 

Кабыл алган чечимдер тууралуу кеп кылып, Президент Алмазбек Атамбаев Улан-Батор — Бишкек — Стамбул  авиакаттамын  уюштуруу боюнча тараптар принципиалдуу макулдашууга жетишкендиги тууралуу кабарлады.

Мамлекет башчыбыз  Кыргызстан менен Монголиянын биргелешип иш жүргүзүү алкагы абдан кенен экендигин белгилеп өттү. Тактап айтканда, бул тоо-кен тармагында, айыл чарбасында, өнөр жайында жана туризм тармагындагы долбоорлор.

Өз кезегинде Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдордж мамлекет жетекчилерин меймандос кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын жолдоп, Президент Алмазбек Атамбаевди расмий сапар менен  Монголияга келип кетүүгө чакырды. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 3-апрель