Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Вице-премьер-министри Бекир Боздагды кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 4-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Вице-премьер-министри, Кыргыз-түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы Бекир Боздагды кабыл алды.
Бекир Боздаг мамлекет башчысына бүгүн Бишкекте өткөрүлгөн соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын алтынчы отурумунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Отурумда кеңири алкактагы маселелер талкууланып, натыйжалуу өткөндүгүн белгиледи. Тактап айтканда, энергетика, транспорт жана коммуникация, айыл чарбасы тармактарындагы, маданият жана билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлор талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Өкмөттөр аралык диалогдун жана өнөктөштүктүн маанисине басым жасады. “Өкмөттөр аралык комиссия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы келишимдерди конкреттүү ишке ашыруунун маанилүү механизми болуп саналат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 4-апрель