Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

Мамлекет башчысы мартабалуу мейманды тосуп жатып, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамиленин орнотулушунун 20 жылдыгынын алдында Россиянын тышкы иштер министринин  иш сапар менен келиши мамлекеттер ортосундагы мамилелерге жаңы ыргак берээрине ишенимин билдирди.

“Кыргызстан үчүн Россия - бул стратегиялык өнөктөш мамлекет. Бир кезде биз бир мамлекеттин курамында элек. Советтер Союзун кайра калыбына келтире албасыбызды бардыгыбыз жакшы түшүнөбүз, бирок  өлкөлөрүбүздү экономикалык бир мейкиндикке бириктирип, жарандарыбыз түрдүү бажы, чек ара посттору жок катташууга шарт түзүү колубуздан келет”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө интеграциялык процесстер талкууга алынды. 

“Биз маселелерди чечүүгө, тактап айтканда, чек аранын болушу ыңгайсыздыкты жаратпашы үчүн аракет  жасоого кызыктарбыз. Биздин күч-аракетибиз  ЕврАзЭС алкагында, Бажы союзун, Бирдиктүү экономикалык  мейкиндик түзүү контексинде интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууга  багытталган. Кыргызстанды мына ушул процесстерге  аралаштыруунун формалары менен ыкмалары  элдерибиздин жыргалчылыгы, соода-экономикалык тармактагы, инвестициялык жана экономиканын өнүгүшүнө, жарандардын жыргалчылыгына таасир эткен башка чөйрөдөгү байланыштарды өнүктүрүү максатында макулдашылышы ыктымал”,-деди Сергей Лавров.

Маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу  ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгы белгиленип, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын Россия Федерациясындагы күндөрү өткөрүлөөрү  тууралуу айтылды.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенишүүгө, көп тараптуу форматта кызматташууга, региондогу стабилдүүлүктү жана коопсуздукту чыңдоого байланыштуу маселелер дагы  талкууланды.

Тараптар буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты.

“Сапарыбыздын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын Президенттеринин жолугушуусунун алкагында  жетишилген принципиалдуу макулдашууларды андан ары өнүктүү маселелерин талкуулоону болжолдоп жатабыз”,- деп белгиледи Сергей Лавров.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 5-апрель