Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев KfW Германия мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Европа жана Азия мамлекеттери боюнча директорун кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев KfW Германия мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Европа жана Азия мамлекеттери боюнча директору Уве Ольсомду кабыл алды.

Жолугушууга Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гудрун Срэга дагы катышты.

Мамлекет башчысы KfW банкынын жетекчилигине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Германиянын ортосунда 20 жыл  бою кызматташуунун аралыгында көптөгөн багыттар боюнча иштиктүү мамиле түзүүгө жакшы шарттар тузүлгөндүгүн белгилеп өттү.

Президент Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу кеп кылып келип, өлкө үчүн демократия бирден бир туура жол экендигин баса белгиледи.

“Кыргызстан демократиялык жол менен өнүгүп келе жатат, анткени анын шарапаты менен экономикалык жактан жакшы ийгиликтерге жетүүгө болот,”- деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарбасы, энергетика тармактарында жана туризм боюнча биргелешкен долбоорлордун келечеги тууралуу маселелер талкууланды.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 5-апрель