Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигинин ачылыш салтанатына катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун Монументинин ачылыш салтанатына катышып, сөз сүйлөдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асилбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева дагы катышты.

Төмөндө мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери берилет.

“Бүгүн ачылып жаткан Монумент – Элдин эркиндиги үчүн 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында  курман болгондордун жаркын элесине арналат.
Бул Монумент Жамандыкты – Жакшылык, Караны – Ак жеңип чыгарын эскертип турат. Бирок, Акыйкат менен Азаттыкка алып барган жол оңой эмес. Ал жолдо нечен “тайгак, тар кечүүлөр”, шум ажал тоскон ашуулар болот. Элибизге муну Аксы окуялары да, 2005- жана 2010- жылдагы окуялар да көргөздү. Элден айланса болот! Улуу элибиз бул сыноолордон сынбай өтүп, Кудай колдоп, эгемен Кыргызстанды сактап калдык.
Эгемендиктин 20 жылы ичинде өлкөбүз нечен сыноону башынан өткөрдү. Кыргызстандын соңку тарыхында Аксы окуялары чоң бурулуш жасаган. Он жыл мурда, 2002-жылдын 17-18-мартында элибиз чындык үчүн каны-жанын, керек болсо өмүрүн да аябай тургандыгын көрсөткөн. 
Адилеттикти жана азаттыкты  туу  тутуу – биздин элибиздин эне сүтү менен берилген негизги касиети. Байыркы элибиз өз тарыхында адилетсиздикке жана эки жүздүүлүккө эч качан жол берген эмес.
Бүгүн Апрель элдик революциясына эки жыл толду. Биз азыр Ала-Тоо аянтында, 2010-жылдын 7-апрелинде Жакшылык менен Жамандыктын, Ак менен Кара күчтөрдүн ортосунда күрөш жүргөн жерде турабыз. Ошондуктан бул Монумент ушул жерде ачылып жатат, элге да, бийликке да эскертүү болсун деп!

Уважаемые соотечественники!

Открываемый сегодня Монумент – дань светлой памяти погибших за свободу народа во время Аксыйских событий 2002 года и Апрельских событий 2010 года. Светлой памяти тех, кто не остался в стороне, а открыто выступил против несправедливости и беззакония. Светлой памяти тех, кто отдал свои жизни ради лучшего будущего всей нашей страны, а не в погоне за личным богатством. Светлой памяти тех, кто ценил свободу выше собственной жизни.
Открываемый сегодня Монумент символизирует неизбежность победы Добра над Злом, Светлого над Темным. Но Аксыйские события, также как и события 2005 года и 2010 года вновь показали народу Кыргызстана, что путь к свободе и справедливости бывает тяжелым, прокладывается через испытания и трудности. По Божьей воле наш народ выстоял и мы сохранили Кыргызстан.
За 20 лет Независимости наша страна прошла нелегкий путь.  Поворотными в новейшей истории Кыргызстана стали Аксыйские события. Десять лет назад, 17-18 марта 2002 года  наши люди показали, что в борьбе за правду готовы пожертвовать всем, даже жизнью. Затем мир еще не раз убеждался, что чувство справедливости и любовь к свободе у  нашего народа передается с молоком матери. Что за долгую свою историю наши люди никогда не мирились с несправедливостью и ложью.
Сегодня вторая годовщина Апрельской революции. Мы собрались на площади Ала-Тоо, на том самом месте, где 7 апреля 2010 года проходила линия борьбы между Добром и Злом, между силами Света и силами Тьмы, между боровшимся за свою свободу Народом Кыргызстана и преступным Режимом, мертвой хваткой ухватившимся за власть.
У великого Чынгыза Айтматова есть роман “И дольше века длится день”. Для тех, кто стоял на площади 7 апреля под пулями снайперов, день этот думаю, был именно таким. И чтобы оценить сделанное в тот долгий апрельский день в Бишкеке простыми гражданами, надо вспомнить, от чего они нас всех спасли. Вспомнить, как до 7 апреля 2010 года бесследно исчезали люди, позволявшие себе критиковать тогдашнюю власть. Как избивали и убивали журналистов. Как сажали в тюрьмы и убивали оппозиционеров. Как криминал стал управлять страной...  Этого забывать нельзя.
Мы все должны помнить, благодаря чьему подвигу сегодня появилась возможность бороться с коррупцией. Благодаря чему вернулась свобода слова. Благодаря чему стало меньше поборов с предпринимателей. Благодаря чему поджал хвост криминалитет.   Пусть этот Монумент напоминает об этом всем кыргызстанцам. И пусть власть не забывает, что единственный источник власти – это народ, и что власть сильна, только тогда, когда опирается на доверие народа!

Урматтуу мекендештерим!
Бүгүн биз курман болгондордун жакындарына, туугандарына дагы бир жолу көңүл айтабыз: кайрат кылыңыздар! Аксы жана Апрель окуяларында  шейит кеткендердин жана ошондо алган жаракатынан кийин кайтыш болгондордун ысымдары Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Арты кайрылуу болсун! Жаткан жерлери жайлуу болсун, топурагы торко болуп, ыймандары жолдош болсун!
Кыргызстандын элинин атынан элдин эркиндиги үчүн өз өмүрүн аябаган, чыныгы атуулдарды тарбиялаган ата-энелерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Элдин келечегин коргоп калган бардык мекендештерибизге чексиз ыраазыбыз! Мамлекет Аксы жана Апрель окуяларында  жабыр тарткандарга мындан ары да колдоо көрсөтөт.
7-апрель – Кыргызстандын тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири. Бул элдин жеңиш күнү. Бул күнү эл бийликтин жалгыз булагы экендигин өзү так далилдеди. Эл өзүнүн эл экендигин, “эл толкуса – сел” экендигин көргөздү. Көлдөй толкуган эл сел болуп, авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруу режимин алып түштү. Эл адилетсиз бийликке эч качан тизе бүгүп, чөгөлөбөй тургандыгын көргөздү. Селдей болгон элди коркутуп-үркүтүү, мөндүрдөй жааган ок да токтото албай тургандыгын бүт дүйнө көрдү.
Бирок бул кандуу күн жүрөктөрүбүздү тилип кетти. Жаныбыз дагы деле кейип турат. Бул күнү жеңиш элдин колуна өтө оор жоготуулар менен тийди.
Өз элине каршы ок атууга буйрук берген канкорлордун ана башчылары чет өлкөлөрдө качып жүрүшөт. Калгандары сотто сурак берип олтурат. Элдин каны кылмышкерлердин эч кимисин коё бербейт. Алар Кудайдан да, соттон да сөзсүз адилет жазаларын алыш керек. Аксы окуяларында жана 7-апрелде элдин канын төккөндөрдү жазалоо – азыр укук коргоо органдарыбыздын жана сотторубуздун негизги милдети. 

Уважаемые соотечественники!
Сегодня эта дата вызывает у многих кыргызстанцев смешанные чувства. Нам предстоит многое сделать для того, чтобы день Апрельской революции стал поистине народным, общенациональным праздником. 
История учит извлекать уроки из прошлого. Мы не должны его забывать. Аксыйские события, события марта 2005 года и апреля 2010 года – это  страницы истории Кыргызстана. Страницы борьбы народа за свои права и свободы.
Важно дать кыргызстанцам уверенность, что прошедшие испытания и понесенные народом жертвы не были напрасными. Что Кыргызстан обязательно будет процветающим и сильным, войдет в число развитых государств, станет авторитетным и уважаемым участником мирового сообщества.
Впереди у нас немало испытаний. Мы должны очиститься духовно, победить коррупцию, национализм, преодолеть регионализм и манкуртизм, все то, что представляет угрозу развитию страны!

Урматтуу мекендештер!
Алдыда оор сыноолор, коркунучтар бар. Алардан бизди жалаң гана биримдик менен ынтымак сактап калат. “Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!..”- деп Манас атабыз бекеринен айткан эмес. Эгемендүү, күчтүү, өнүккөн Кыргызстан бизден башка эч кимге кереги жок! Ошондуктан баарыбыз биригип, Мекенибизди көздүн карегиндей сактап, бар болгон күчүбүздү мекенибиздин өнүгүшүнө жумшайлык!
Бийликти эңсегендерге айтаар элем: мындан ары бийликти эл өзү берет, шайлоолордо, ишенгендерине. Бийликти эл өзү тандасын, шайласын деп, демократия болсун деп биз бүгүн эскерип жаткан балдарыбыз өмүрүн берген. 
Эл эми жакшылык күтүп, үмүт менен жашап жатат. Биз ушул үмүттү актоого, элдин биримдигин жана мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылууга, өлкөдө туруктуулукту, тынчтыкты жана ынтымакты ыйык сактоого милдеттүүбүз!
Ошондо гана Кыргызстаныбыздын келечеги кең болот!
Мен ишенем, жүздөгөн жылдардан кийин да ушул Монументтин алдында, жаздын ушундай күнүндө биздин урпактарыб

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 7-апрель