Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жетекчилиги Япония менен кызматташууну чыңдоого өзгөчө маани берээрин баса белгилеп, күн чыгыш өлкөсүнүн көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президент Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өз ара пайдалуу, өнөктөш кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгарууга даяр экендигине басым жасады.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү тууралуу кеп кылып келип, өнүгүүнүн бирден бир туура багыты – демократиялык жол экендигин белгиледи.

“Кыргызстан – эркин адамдардын өлкөсү. Авторитардык режимге кайтып келүүгө жол жок. Биздин бир гана - демократиялуу жолубуз бар,”- деди Алмазбек Атамбаев.

Маданий-гуманитардык кызматташуу маселеси боюнча Алмазбек Атамбаев илимий-билим берүү борборлорунун ортосунда түз байланыш орнотуу керек экендигин колдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы кыргыз тарап инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга Япониянын бизнесмендеринин  катышуусуна кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 10-апрель