Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Памирдеги афган кыргыздарынын өкүлүн кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Памирдеги афган кыргыздарынын өкүлү Турду Акун Атабекти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Афганистандан келген мейман мамлекет башчысына Памирдеги кыргыздардын азыркы абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында акыркы жылдары Памирде жашаган кыргыздардын саны кескин кыскарган. Табигый жана турмуштук оор шарттардан, медициналык тейлөө дээрлик жоктугунан улам ымыркайлардын көпчүлүгү чарчап калууда.

“Биз тамак-аш же кийим-кечек алып келип бергиле деп суранган жерибиз жок. Эң негизгиси биз мына ушул улуу тоолордун койнунда толугубуз менен жоголуп кетпесек болду. Жыл санап памирлик кыргыздардын саны кыскаргандан кыскарууда. Көпчүлүк памирлик кыргыздар өзүнүн тарыхый мекенине кетсек деп самайт,”- деди Турду Акун.

Президент чет мамлекеттерде жашаган кыргыздардын тагдырына тынчсыздангандыгын белгиледи. Ошону менен катар, Кыргызстандын Өкмөтү аталган маселени дыкаттык менен иликтеп жаткандыгын айтып өттү. Афган кыргыздарынын проблемаларын чечүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссия мүчөлөрү Памир тоолорунда жашаган кыргыздардын жашоо шарттары менен таанышуу жана көйгөйлөрүн иликтөө максатында үстүбүздөгү жылдын жай айларында афган кыргыздарына барууну болжолдоп турат.

“Биз медициналык жактан тейлөөнү, Памирде жашап иштегенди каалаган кыргыз тил мугалимдерин тандап алууга жардам бере алабыз,”- деди мамлекет башчысы.

Ошону менен катар, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Афганистандын Кичи Памиринде бийик тоолуу шарттарда жашаган кыргыздарга эл аралык жардам көрсөтүү жагдайы боюнча иш жүргүзүп жаткандыгы айтылды.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 11-апрель