Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: Билим берүү системасын түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл

Бүгүн, 2012-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн билим берүү системасын реформалоонун негизги багыттары талкууланган кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 2012-2020-жылдарындагы Кыргыз Республикасынын билим берүү стратегиясы менен тааныштырды. Бул концепция башка министрликтин алдындагы баштапкы кесиптик билим берүүдөн тартып, билим берүүнүн бардык чөйрөсүн кучагына камтыйт. Билим берүү стратегиясынын негизги максаты билим берүү кызматынын сапатын жогорулатуу максатында ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу жолу менен билим берүү системасынын туруктуу өнүгүшү үчүн шарт түзүү болуп саналат. Билим берүү стратегиясынын долбоору бир катар баскычтарда талкуудан өтүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында бекитилген.

Мамлекет башчысы республикада билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги стандарттар заманбап талаптарга жооп бербегендигин белгиледи. Бүгүнкү күндө биз мурдагы кылымдын инфраструктурасын жана технологияларын кайра жандандырууга зор чыгымдарды жумшап жатабыз. Мектеп программасы абдан оор, системанын бардык денгээлинде жаңы типтеги билим берүү мекемелери жок. Натыйжада сапатсыз билим берүү коомубуздагы жаңы көйгөлөрдү жаратууда.

Президент билим берүү системасы өлкөнүн өнүгүү келечегин эске алып, эмгек рыногун квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылууга тийиш экендигине токтолду. Жогорку окуу жайларынын санын кыскартып, университеттин жогорку стандарттарына жооп берген ири профилдүү ЖОЖ гана көп баскычтуу даярдыкты ишке ашырууга тийиш экендигине басым жасады.

“Билим берүү – сапаттуу жана мезгилдин талабына жооп бергидей болууга тийиш. Өткөн күндүн билимине каражат жумшаганыбыз болбойт. Ошондуктан билим берүү системасын түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл,”- деди Алмазбек Атамбаев.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 11-апрель