Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо боюнча Федералдык кызматынын директору Виктор Ивановду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 13-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо боюнча Федералдык кызматынын (БКФК) директору Виктор Ивановду кабыл алды

Мамлекет башчысы Россиянын БКФК директоруна Кыргызстандын Банги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
“Бангизаттарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташуубуз жылдан жылга тереңдеп бара жатат. Силер бизге реалдуу жардам жана колдоо көрсөтүп жатасыздар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө глобалдуу баңгикоркунучуна каршы аракеттенүү, баңгиликти алдын алуунун жана баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштүн механизмдерин иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Виктор Иванов Кыргызстанда баңги заттарга каршы күрөш жүргүзүүдө жакшы натыйжалар бар экендигин белгиледи.

“2010-жылы Банги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын калыбына келтирилиши эң туура жасалган саясий чечим болуп калды. Өлкөдө баңгитарфикке каршы күрөш жүргүзүү ишинде бир топ алдыга жылыш бар экендигин турмуш көрсөтүп жатат”,-деп баса белгиледи Виктор Иванов.

Жолугушууга Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валентин Власов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Банги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Виталий Орозалиев дагы катышышты.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 13-апрель