Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардариге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Равалпинди шаарынын жанындагы авиакырсыкка байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардариге көңүл айтты.

Көңүл айтуу телеграммасында мындай деп белгиленет:

«Көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен Равалпинди шаарынын жанындагы авиакырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан эли Пакистан эли менен чогуу кырсыкка терең кайгырып, туугандарынан жана жакындарынан ажырагандардын аза кайгысын тең бөлүшөт.

Улуу Урматтуу Президент, терең кайгыруу менен көңүл айтуубузду кабыл алыңыз”.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 21-апрель