Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Тойота Мотор» корпорациясынын япон делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 26-апрелинде,Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Тойота Мотор» корпорациясынын Европа боюнча башкы менеджери Масато Хота жетектеген япон делегациясын кабыл алды.

Жолугушууга Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Син Маруо дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстанда дүйнөгө белгилүү ири «Тойота Мотор» автомобиль корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн ачылышынын маанисин баса белгилеп,  бул окуя эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошоорун айтып өттү. “Кыргызстанда дүйнөгө таанымал компаниянын өкүлчүлүгүнүн ачылышы абдан кубанычтуу окуя. Менимче бул алгачкы гана кадам, келечекте Кыргызстанда сатуу боюнча өкүлчүлүк гана эмес, автомашиналарды жыйноо боюнча ишкана дагы ачылат деп ишенем. Аны үчүн бизде бардык шарттар, анын ичинде кубаттуу кадрлардын потенциалы бар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент кыргыз тарап Кыргызстанда япон бизнесинин кеңири катышуусуна, келечекте транспорт жана коммуникация, тоо-кен иштетүү жана кайра иштетүү өнөр жайында, энергетикада, туризмде жана айыл чарбасында өз ара пайдалуу долбоорлорго чыгуу үчүн өлкөгө япон капиталын тартууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Мына ушуга байланыштуу Алмазбек Атамбаев япон инвесторлоруна узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигине ынандырды. «Силер Кыргызстанга ишенгениңерге абдан ыраазымын. Биз демократиялуу мамлекет курууга жана инвесторлорго мыкты шарттарды түзүүгө умтулуп жатабыз,»-деди Алмазбек Атамбаев.

«Тойота Мотор» корпорациясынын Европа боюнча башкы менеджери Масато Хотанын айтымында Кыргызстанда корпорациянын өкүлчүлүгүнүн ачылышы өлкөдөгү мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Өз кезегинде Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Син Маруо “Тойота Мотор” Кыргызстанда иштегиси келген Япониянын башка компаниялары үчүн жакшы үлгү боло алаарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 26-апрель