Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Кыргызстандагы Элчиси Валентин Власовду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 27-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валентин Власовду  Кыргыз Республикасында дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Валентин Власовго ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишине ийгилик каалады. “Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, ошондуктан биз эки тараптуу кызматташуунун мындан ары дагы активдештирүүгө умтулабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Валентин Власов Кыргызстандан кыйылып кетип бара жаткандыгын баса белгиледи. “Мени Кыргызстан менен көп жагдайлар байланыштырып турат, анткени бул жерде иштеген жылдары  көптөгөн жакшы досторду күттүм”,- деди дипломат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 27-апрель