Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Андрей Бельяниновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Россия Федерациясынын Бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельяниновду кабыл алды.

Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Президентке Бишкек шаарында өткөрүлгөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын он төртүнчү отурумунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамиленин жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдирди.

“Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөштөр. Биз үчүн Россия Федерациясы менен тыгыз өз ара карым-катнашты мындан ары чыңдоо жана экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы денгээлине чыгуу башкы милдеттерибиздин бири болуп саналат”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, транспорт, энергетика, агроөнөржай тармактарында, нефтегаз комплексинде кызматташуу, соода-экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 30-апрель