Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын азык-түлүк, айыл чарба жана мал чарба министрин кабыл алды

2012-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын азык-түлүк, айыл чарба жана мал чарба министри Мехмет Мехди Экерди кабыл алды

Мамлекет башчысы кыргыз-түрк мамилелеринин өнүгүшүнүн жакшы ыргагын белгилеп келип, “соода-экономикалык мамилелер өлкө башчыларынын саясий эркинен артта калбашы абдан мааниге ээ экендигине” токтолуп өттү.

Өз кезегинде министр түрк тараптын Кыргызстандан агрардык секторуна инвестицияларды тартууну ар тараптан колдогондугун ырасташ үчүн келгендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 30-апрель