Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 1-Май –эмгек майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 1-Май –эмгек майрамы менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосун толугу менен келтиребиз:


Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди жаркын майрам 1-Май – Эмгектин күнү менен куттуктайм!
Жүз жылдан мурда жаралган жыл сайын 1-майда жумушчулардын укуктарын коргоп, демонстрацияга чыгуу демилгеси акырындап, бул күнү карапайым адамды – эмгекчини ардактоо, аны урматтап-даңктоо салтына айланып калды. Бул майрам талбаган ак эмгеги менен жалпы Кыргызстанды жана да өз үй-бүлөсүн бакубат турмушка жана ийгиликтерге сүрөмөлөп бара жаткандардын бардыгынын майрамы.
    Тилекке каршы, акыркы жылдарда материалдык байлыкка баш уруу өнөкөтү пайда болгон. Коомубуз адал мээнеттин жана ак эмгектин беделин мурдагы деңгээлинде сактап кала алган жок, ошентип биз бүгүн аны калыбына келтирүү зарылдыгына туш келип олтурабыз.
Биз ынтымакташтыкта гүлдөгөн Кыргызстанды куруубуз керек, биздин өлкөдө ар бир жаран өз жөндөмүн жана билимин колдоно алууга тийиш. Биримдик болгондо гана биз улуттук өнөр жайды өнүктүрүп, айыл чарбасын заманбап деңгээлге көтөрүп, тейлөө чөйрөсүн атаандаштыкка жөндөмдүү кыла алабыз. Ошондо гана биздин күч-кубатка толгон жаш мекендештерибизге жумуш жана жакшы жашоо издеп чет өлкөлөргө кетүүнүн зарылдыгы жок болуп калат. Ал эми мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн арнаган биздин кадырман ардагерлерибиз өз өлкөсүндө татыктуу жашоого жана эс алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстан - ата-бабаларыбыз кылым сыноолорунан өтүп, биз үчүн сактап келген биздин жер, биздин өлкөбүз. Биз дагы урпактарыбызга көз карандысыз жана күчтүү Кыргызстанды калтырууга милдеттүүбүз! Эмгек майрамыңыздар менен кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерге тынчтык, бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалайм!

2012-жыл 30-апрель