Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын өкмөттүк делегациясын кабыл алды

2012-жылдын 30-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын премьер-министринин  биринчи орун басары Ягуб Эюбов жетектеген Кыргызстанга кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумуна катышуу үчүн келген Азербайжан Республикасынын өкмөттүк делегациясын кабыл алды.
Алмазбек Атамбаев делегация мүчөлөрүнө ыраазычылыгын айтып, Азербайжанга расмий сапардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга түрткү керек эле деп белгиледи. “Силердин келишиңер менен конкреттүү чечимдер жана конкреттүү даталар менен мөөнөттөр белгиленгенине мен абдан ыраазымын”,- деди мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстандын жетекчилиги Азербайжан менен мамилени тереңдетүүгө абдан чоң маани берээрин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Ягуб Эюбов мамлекет башчысын эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын макулдашуусуна ылайык өткөрүлгөн кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отуруму тууралуу маалымат берди.

“Президент Ильхам Алиев биздин алдыбызга биргелешкен бардык макулдашуулар аткарылышы керек деген милдет койгон. Мындан ары кызматташуу үчүн бизде кеңири мүмкүнчүлүктөр бар”,- деди Ягуб Эюбов


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 30-апрель