Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын Президенти Пратибх Девисингх Патил менен өлкөнүн Премьер-министри Манмохан Сингхге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев адамдардын курмандыгына алып келген кеменин кыйрашына байланыштуу Индиянын Президенти Пратибх Девисингх Патил менен өлкөнүн Премьер-министри Манмохан Сингхге көңүл айтты

Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында мындай деп айтылат:

“Көптөгөн адамдардын курмандыгына алып келген Ассам штатына чукул жерде Брахмапутра дарыясындагы кеменин кыйрашы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Курман болгондордун  жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтуубузду, ал эми мына ушул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалаганыбызды жеткирип коюуңуздарды өтүнөм”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 2-май