Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын экономика боюнча делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын экономика боюнча делегациясын кабыл алды. Делегациянын курамында Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин эл аралык регионалдык саясат маселелери боюнча башкы директорунун орун басары Кэндзи Гото, Япониянын жаңы энергетикалык жана өнөр жай технологияларын иштеп чыгуу боюнча «NEDO» уюмунун президенти Кадзуо Фурукава, Япониянын нефть, газ жана металл боюнча улуттук «JOGMEC» корпорациясынын вице-президенти Хиробуми Кавано, Япониянын жаратылыш ресурстары жана энергетика Агенттигинин жаратылыш ресурстары жана отун боюнча башкармалыгынын минералдык жана жаратылыш ресурстары маселелери боюнча бөлүмүнүн начальниги Юко Ясунага катышышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга жасалган бул сапардын маанисин жана өз маалында жасалгандыгын, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды бекемдеп, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоого көмөктөшөөрүн белгиледи

Мына ушуга байланыштуу Алмазбек Атамбаев Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министри Юкио Эданонун Президентке багыштаган катынан «Кызматташуубуз алга илгерилеп, конкреттүү долбоорлорду түзөөрүбүзгө ишенем,»-деген сөзүн келтирди.

Президент Алмазбек Атамбаев бул этапта макулдашууга кол коюу өлкөлөрүбүздүн ортосунда активдүү кызматташууга өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Алсак, Япония делегациясынын сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги менен Япониянын«NEDO» уюмунун ортосунда энергосактоо тармагында кызматташуу тууралуу Меморандумга, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын геология институту менен Япониянын«JOGMEC» корпорациясынын ортосунда тоо-кендерин иштетүү өнөр жайы тармагында кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюу болжолдонууда.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыгуу туудурган япон компанияларынын умтулуусун колдоду. «Бишкекте «Тойота-Мотор» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн ачылышы Япониянын көптөгөн компанияларына жакшы үлгү боло алат. Биз Кыргызстанга япон бизнеси реалдуу катышат деген үмүттө турабыз»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин эл аралык регионалдык саясат маселелери боюнча башкы директорунун орун басары Кэндзи Гото экономикалык байланыштарды чындоого даяр экендигин ырастады, энергетика жана жаратылыш ресурстары тармактарында кызматташуу эки өлкө үчүн тең стратегиялык багыт болуп саналаарын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы Кыргызстанга кызыгуу туудуруп жаткандыктары үчүн меймандарга ыраазычылыгын билдирип, активдүү кызматташууга чакырды. «Ылайым ар дайым Япония өнүгүп-өсө берсин, келгиле, достугубузду иш менен бекемдейли»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын малыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 4-май