Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев мекендештерибизди 5-май - Конституция күнү менен куттуктады

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Ардактуу кыргызстандыктар!

5-май Конституция күнү болуп жарыялангандан бери арадан 19 жыл өттү. Мына ушул күнү көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Андан бери мурда урагыс сезилген көп нерселер өзгөрүүгө туш келди, анын ичинде Конституциянын өзү дагы өзгөрдү. Тилекке каршы, дээрлик Конституция кабыл алынган күндөн тартып аны иштетпей коюшту, анткени ал Президентке жеке бийлик тартуулаган эмес.
Ошого карабастан легендарлуу парламент тарабынан эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясынын саптарына сыйдырылган элибиздин демократиялуу, адилеттүү жана укуктук коом курууга умтулуусу менен руху өзгөрбөдү жана эч качан өзгөрбөйт. Өткөн 19 жылдын аралыгындагы өзгөрүүлөргө жана дүңгүрөгөн окуяларга карабастан, 5-май датасы мына ошол рухтун символу болуп калды.
1993-жылдын 5-майындагы Конституция жаңы мамлекеттин курулушуна, жаңы укуктук негиздерди жана мамлекет менен жарандардын, коомдук бирикмелердин ортосундагы жаңыча мамиле түзүүгө негиз берди. Ал кеңири парламентаризмди камсыз кылган күчтүү Жогорку Кеңеш, ага отчет берген Өкмөт сыяктуу бийликтин системасын сунуштаган.
2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы 1993-жылдан тартып дээрлик 2010-жылга чейин аткаруу бийлиги тарабынан басмырланып келген парламентаризмди кайра жандандырды. Азыркы Конституция эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясына үндөш. Ал мамлекеттин бир дагы бийлик бутагына, бир дагы кызмат адамына бийликти бир колго топтоштурууга мүмкүнчүлүк бербеген системаны орнотту. Өкмөткө кайрадан өлкөнүн бардык күндөлүк курч маселелерин ийгиликтүү чечүүгө абдан зарыл болгон өз алдынчалуулукту тартуулады.
Конституция нукура көз карандысыз жана адилеттүү сотту түзүүгө мүмкүнчүлүк тартуулайт. Жалпысынан алганда адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери тууралуу жоболор камтылган Конституция ар бир кыргызстандык үчүн татыктуу турмуш камсыз кылууну башкы максаты катары караган калыс, демократиялуу мамлекет курууга бекем фундамент түзөт.
Демократиялуу өлкөдөгү Конституциянын негизги милдети ар бир жарандын укуктарын гарантиялоо болуп саналат. Эң жөнөкөй адамдык укуктарды: жашоого жана анын коопсуздугуна; турмуштун сапатына –электр жарыгына, жылуулукка, турак-жайга, тамак-аштын, саламаттык сактоонун жана билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө; ресурстарга – сууга жана жерге, шайлоо жана тандоо укугуна жетүү мүмкүнчүлүгүнө.
Мына ушул укуктар алгачкы ирет колдонуудагы Конституцияда формалдуу эмес, дыкат жана негиздүү түрдө жазылган. Өлкөбүздүн тарыхында гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагында алгачкы ирет киргизилген. Бул жагдай эл аралык эксперттер жана Венеция комиссиясы тарабынан дагы белгиленген. Жарандар укуктары бөлүгү жарандык коомдун, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү тарабынан иштелип чыгып, бышыкталган. Жалпы элдик референдумда кабыл алынган Конституциянын текстине мына ошолордун редакциясында, саясий лидерлер жана өкмөт тарабынан кандайдыр бир оңдоп-түзөөтүүлөрсүз киргизилген.
Урматтуу мекендештерим!

Мыйзамдарга урматтоо менен мамиле жасоо – кийинки муунга өткөрүп бере турган демократиялуу, ийгиликтүү өнүгүп жаткан мамлекетти куруунун негизги шарттарынын бири. Ошондуктан биз бүгүн Конституция күнүн белгилеп жатабыз.
Майрамыңыздар менен! Сиздерге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми өлкөбүзгө тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 4-май