Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 7-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы ардагерлерди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана узак өмүр каалады. “Улуу Жеңиш бардык кыргызстандыктар үчүн ыйык майрам. Мен үчүн дагы өзгөчө күн. Анткени мен дагы сиздер сыяктуу ардагердин уулумун. Жыл өткөн сайын ошол каардуу согуштун катышуучуларынын катары суюлуп бара жатканы абданөкүнүчтүү. Сиздердин муун менен бирге биз көп касиеттерден кол жатабыз,”- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен бирге мамлекет тарабынан согуштун катышуучуларына тиешелүү көңүл бурулбай келгендигин белгиледи. “Мамлекет сиздерге көп карыздар экени абдан өкүнүчтүү, биз убакыттан көп уттуруп жибердик. Биз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн тиешелүү иштерди жасаган эмеспиз. Биз ардагерлерге жардамдашууга милдеттүүбүз,”- деди мамлекет башчысы.

Ардагерлердин республикалык кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев Президентке “Книга памяти” китебин финансылоону кайрадан калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылды. Мамлекет башчысы аталган басылма токтобош керек экендигин, ошондуктан бул маселе чечилээрин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына даярдык көрүү маселелери талкууланды. “Биз бул мааракеге алдын ала даярдык көрүүгө тийишпиз. Ушул жылдардын аралыгында биз ар бир ардагердин маселесин чечүүгө жетишүүгө милдеттүүбүз,”- деп баса белгиледи АлмазбекАтамбаев.

Тарас Токомбаев жакында Ардагерлердин республикалык кеңеши республиканын бардык региондорунун уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюмдун съездин өткөрүүнү болжолдоп жаткандыгын кабарлады. “Ардагерлер өлкө үчүн кандай милдет өтөй алаарын Сизден уксак жакшы болоор эле деген тилек менен съездибизге катышууга чакырабыз,”- деди Тарас Аалиевич Президентке кайрылып.

“Биз сиздерге карап түздөнөбүз, ардагерлер биз үчүн кайраттулуктун, майтарылбас эрктин жана каармандыктын үлгүсү катары кызмат өтөйт. Биздин Сиздер менен бирге башкы милдетибиз – адамдардын башын бириктирип, коомубузду консолидациялоого көмөктөшүү. Сиздер бирдиктүү өлкө үчүн кан майданда салгылашкансыздар, бир окопто жатып, эч качан улутуң ким деп бөлгөн эмессиздер,”- деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун соңунда ардагерлер мамлекет башчысына жакшы тилектерин айтышты, Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшү үчүн ийгиликтерге жетишүүсүн каалашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 7-май