Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ленинград блокадасынын катышуучуларынын мемориалдык комплексинин ачылыш салтанатына катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарында Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана 1942-жылы Кыргызстанга блокададан эвакуацияланган балдарды багып чоңойткон кыргызстандыктарга арналган мемориалдык комплекстин ачылыш салтанатына катышып, сөз сүйлөдү.

Борбор калаанын Дайыр Асанов атындагы сейил багында орнотулган мемориалдык эстеликтин ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчилигинин Убактылуу ишенимдүү адамы Евгений Терехин, Санкт-Петербург шаарынын Фрунзе районунун башчысы Терентий Мещеряков, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрайымы Анна Кутанова, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери катышышты.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзүнүн тезистерин келтиребиз.


“Ардактуу блокадачы-мекендештер, урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз жакшы саамалыктын күбөсү болуп турабыз. Бишкекте Ленинград блокадасынын курмандыктарына арналган эстелик ачылып жатат. Мындай кайталангыс мемориалды куруу демилгеси кыргызстандык-блокадачыларга таандык. Бул эстелик согуш жылдары блокадада калган балдарды багып алган республикабыздын жашоочуларына ыраазычылык билдирүүнүн жакшы жышааны десек дагы болот.

Нева боюндагы шаардын курчоодо калышы, азыркы тил менен айтканда “тозоктун 900 күнү” адам баласынын туруктуулугунун, каармандыгынын жана кайталангыс эрдигинин жогорку үлгүсү катары тарыхта ташка тамга баскандай болуп сакталып калат.

Ленинград дээрлик согуш башталаары менен -1941-жылдын сентябрь айынан тартып эле фронт-шаарга айланган. Душман менен аеосуз салгылаштын сызыгы Ленинграддын үйлөрүнөн 4-7 чакырым жерде өткөн. Шаарды артеллериянын бардык калибринен асмандан аткылашкан, бомбалашкан. Гитлердик аскерлерге шаарды жер менен жексен кылуу буйругу берилген. Бирок, тыптыйпыл талкалансын деген шаар тикесинен тик туруп, аман калган!

Үч миллион жашоочусу бар шаар курчоого алынып, өрттөлгөндөн кийин кампаларында азык-түлүк биротоло түгөнүп калган. Мына ошол душмандар тарабынан асмандан бомба жаадырган, жерден тозоктун кыйноолоруна туш келген шаардын эли талбай эмгектенип, коргонуп, душманга каршы согушуп жатты. Киров атындагы коргоо заводу курчоого алынган мезгилден тартып бир дагы күнгө ишин токтоткон эмес.

Курчоого алынган Ленинграддын курмандыктарынын саны азыркыга чейин деле такталган эмес. Ошого карабастан ленинграддыктардын майтарылбас эрки күнү бүгүнкүгө чейин бизди таң калтырып келет. Ошол тозоктун чордонунда айланган шаарда айрым театрлар, окуу жайлары иштеп, джаз концерттери коюлуп, кино көрсөтүлуп турганын элестетип көрүңүзчү. Мына ошол курчоодо калган шаарда Мамлекеттик элдик китепкана жана Илимдер академиясынын китепканасы ачылган. Ленинград радиосу өз ишин токтоткон эмес. Колдо бар бардык каражаттар менен муунтулуп, өлтүрүлүп жаткан шаарда классикалык музыка жаңырып турган! Шостаковичтин каармандык симфониясы блокаданын музыкалык гимнине айланган.

1942-жылдын декабрынын соңуна дейре советтик Кыргызстанга дээрлик 140 минден ашуун адам эвакуацияланган, анын ичинде курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала бар болчу.

Ошол учурда фронтко Кыргызстандан 22 бригада каттаган, алар курчоодо калган Ленинградка, Кронштаддын моряктарына чейин барышкан. Эки жумага жетпеген убакыттын аралыгында ун, эт, күрүч, жашылча, жаңгак, кант жана таттуу азыктардан 48 вагон жардам чогултулуп, фронтко жөнөтүлгөн. Ленинграддыктар үчүн чогултулган жылуу кийимдер туурасында кеп кылбай эле коелу.

Курчоого алынган, кансырап, алсырап жарадар болгон, бирок эрки майтарылбаган шаарга бүтүндөй бир өлкөнүн эли чындан күйүп-бышкан десек жарашат.

Кыргыздын белгилүү ак тандай акыны Алымкул Үсөнбаев мындай деп жазганы бар:

 Великий город, светлый Ленинград,
Ты победишь, сметешь фашистский ад.

Нева боюндагы баатыр шаарда мекендештери менен ийин тирештирип кыргыздын кыйла жигиттери салгылашкан. Көзгө атар Абыке Токтолиев ондогон душмандарды жок кылган. Искусствонун эмгек сиңирген ишмери, бир катар ордендердин ээси Өмүркул Жетикашкаев, биология илимдеринин кандидаты Жалил Чолпонкулов Ленинград үчүн салгылашта курман болгон. Шаарды коргогондордун арасында тарых илимдеринин кандидаты, кийин Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттыгына татыктуу болгон капитан Сүйүн Керимбаев дагы бар эле. Ленинградды коргоп жатып, алар киндик каны тамган Кыргызстандын эркиндигин дагы коргоп калышкан. Анткени биздин жерибиз бир, мамлекетибиз бир, Жеңишибиз дагы бир эле.

Согуш жылдары Кыргызстан госпиталдардын, балдар үйлөрүнүн мекенинен айланган, республикабыздын көпчүлүк айылдарында Ленинграддан келген медсанбөлүк, балдар бакчасы же балдар үйү жайгаштырылган. Бул жерде, оорукта курчоодо калган шаардын балдарын сактап калуунун камын көрүшкөн. Кээде ата-энелер өз балдарынын кийимдерин чечип, блокадада калган балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына берген учурлар болгондугун азыркыга чейин айтып калышат. Курчоодо калган шаардын балдары үчүн Кыргызстан баласын кучагына бөпөлөп турган мына ушул эстелик-эненин символу сыяктуу эле болуп калгандыгы кашкайган чындык. Муну эсинен чыгарбаган блокаданын катышуучулары ырахмат.

Бүгүн блокадачылардын кыргыз коомунун катары кыйла сээлдеп калды. Мезгил өз ишин жасайт тура. Ошентсе дагы бул ардагерлерибиз майтарылбас эрки бар адамдар. Алар азыр дагы улуу ишти улап келе жатышат. Алар өмүр бою эрки күчтүү болгон блокаданын балдары боюнча калышат.

Мен Анна Алексеевна Кутанова жетектеген блокадачылардын коомуна чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды билдирип койгум келет. Алар Бишкекте блокадачыларга эстелик тургузуу боюнча долбоорду ишке ашырууда чыдамкайлыкты жана кайраттуулукту көрсөтүштү.

Бизге өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыз кылган улуу муундагы бабаларыбыздын, аталарыбыздын, энелерибиздин алдында биз зор милдеткербиз. Жер үстүндө тынчтыкты сактап, эгемендүү өлкө куруу –жалпыбыздын милдетибиз. Ал жылдары биздин аталарыбыз улуттарга бөлүнгөн эмес, ошондуктан биз жеңишке жетишкенбиз. Биз дагы адамдарды бөлүүгө жол бербейбиз. Мына ушул Улуу Женишти камсыз кылгандардын бардыгына терең таазим этебиз!

Келе жаткан Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен, ардактуу кыргызстандыктар!”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 8-май