Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Караганда облусунда автокырсыктан каза тапкан кыргызстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтты

Бүгүн, 2012-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Караганда облусундагы автокырсыктан каза тапкан кыргызстандыктардын  үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтты.

Көңүл айтуу телеграммасында мындай деп белгиленет:

“Казакстандын Караганда облусундагы автокырсыктан Кыргызстандын жарандары каза тапты деген суук кабарды жүрөгүм сыздап кабыл алдым.

Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кырсыктан улам жакындарынан ажырагандардын аза кайгысын тең бөлүшөм”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 8-май