Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди Россиянын Президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге Россия Федерациясынын Президентинин кызматына киришүүсүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Урматтуу Владимир Владимирович!
Россия Федерациясынын Президентинин кызматына киришүүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Кыргыз Республикасынын эли Сизди Россиянын экономикалык кубаттулугун кайра калыбына келтирүүдө жана эл аралык кадыр-баркын жогорулатууда өзгөчө милдет өтөгөн дүйнөдөгү азыркы доордун лидерлеринин бири катары жакшы билет. Сиздин улуттук кызыкчылыктарды коргоодогу чечкиндүүлүгүңүз жана ырааттуулугуңуз Россияга эл аралык процесстерде чечүүчү позиция ээлөөгө мүмкүнчүлүк берди.

Кыргызстанда Сиздин кыргыз-россия мамилелерин өнүктүрүүгө ар дайым жакшы көңүл бурганыңызды жана аны чыңдоого Сиздин жеке салымыңызды жогору баалашат. Эки тараптуу кызматташуунун негизги тилкелери жана жетишкендиктери дагы, белгиленген пландардын жана макулдашуулардын ишке ашырылышына карата ишеним дагы Сиздин ысымыңыз менен тыгыз байланыштуу.

Алдыдагы мезгил мамлекеттер аралык кызматташуунун маанилүү этабы болуп, кызматташууну узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине алып чыгаарына ишенем.

Урматтуу Владимир Владимирович, Сизге мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакыт-таалай, боордош Россия элине өсүп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм.”
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 8-май