Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 9-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Жеңиш аянтында өткөрүлгөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышып, сөз сүйлөдү.

Митинг-реквиемге Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери, эмгек ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Асилбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, маданият жана искусство ишмерлери, чет мамлекеттердин расмий адамдары, эл аралык уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Төмөндө мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тезистерин беребиз.

«Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ардактуу ардагерлер!
Кымбаттуу мекендештер!

9-Май – Жеңиш күнү биз үчүн ыйык майрам. Ата Мекен жараланганын ар бир адам жүрөгү аркылуу өткөрөт деп тегинен айтылбаган чыгаар. Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу жана эң катаал Улуу Ата Мекендик согуш жер жүзүндө терең жаракат калтырды. Кан кечкен кыркынчы жылдары биздин ата-бабаларыбыз Мекенин коргоп жатып, жер жүзүн фашизмдин чумасынын сактап калганын сезбегендир. Эгерде ошондо жеңбесек, бүгүнкү дүйнө кандай болоорун чындыгында элестетүү кыйын.

Айрым «тарыхчы сөрөйлөрдүн» Улуу Ата Мекендик, деги эле бүтүндөй Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын башкача кылып жазам дегендери ордунан чыкпай турган иш. Карапайым советтик жоокерлер өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы, Вермахттын тири укмуштай куралданган аскеринин жеңиштүү жүрүшүн токтотуп калууга жетишкен. Советтер Союзу деп аталган ошондогу жалпы мамлекетибиз айыгышкан мына ошол кармашта сөзсүз жеңишке жетишмек. Анткени киндик каны тамган жери үчүн кашык каны калганча салгылашып, жанын курман кылууга даяр тургандарды эч ким, эч качан жеңе албайт! Совет эли дал ошентип Мекени үчүн тикесинен тик турду. Ажалдын көзүн тик карап, өлүмдөн такыр жалтанбады!
Урматтуу мекендештерим!
Биз ынтымак менен, биримдик менен жеңдик. Улуттарга жана аймактарга бөлүнбөгөндүгүбүз үчүн жендик, көк көз, кара көз деп бөлбөгөнүбүз үчүн жеңишке жетиштик. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда өлкөбүз бир, Мекенибиз бир болгондугу үчүн жеңдик. Кыргыздар, казактар, өзбектер, тажиктер, орустар, украиндер, белорустар жана Советтер Союзунун башка улуттарынын өкүлдөрү «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», фашисттик баскынчыларга каршы чогуу салгылашкан эле.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Улуу Жеңишке жетиш үчүн миллиондогон адамдардын кырчындай өмүрү кыйылды. Ошол каардуу жана катаал согуштан жаракат алган миллиондогон жүрөктөр өмүрүнүн акырына чейин жараланып жүрүп өттү…

Эгерде аталар Мекенин сүйсө, балдарды Ата Журтту сүйүүгө мыкты тарбиялоого болот деп айтылат. Биздин ардактуу аталарыбыз, кадырман ардагерлерибиз жана ооруктун эмгекчилери Мекенди чындап кадырлаарын кан-жаны, бүтүндөй өмүрү менен, ак эмгеги менен далилдешти.

Кыргызстандык жоокерлер жана ооруктун эмгекчилери жалпы совет эли менен бирдикте майданда кан кечип, фронтту ок-дары, жарак-жабдык жана азык-түлүк менен камсыз кылып, согуш азабын чогуу көтөрүштү. Советтик Армиянын катарында 360 миңден ашуун жердешибиз баатырларча салгылашкан. Алардын ысымдары ыйык согуштун даңктуу таржымалында түбөлүккө жазылып калды. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн каармандыгы, баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокерлер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланган. 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери болуп, 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эн жогорку наам ыйгарылган.

Алардын катарында – легендарлуу Панфилов дивизиясынын баатырлары дагы бар. Москванын алдында Мекенди коргоо менен алар согуштун жүрүшүн жеңишти көздөй бура алышкан. 2011-жылы менин атайын чечимим менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курамында даңктуу 8-гвардиялык Панфилов дивизиясы кайрадан түзүлгөн. Анткени биз панфиловчулар сыяктуу баатырлардын ысымдары элдин эсинде түбөлүккө сакталышы керек деп эсептейбиз.

Кыргызстандык баатырларыбыздын бири – Чолпонбай Түлөбердиев. Мындан 70 жыл мурда, 1942-жылдын августунда кырчындай жигитибиз фашисттердин окту жамгырдай жаадырган амбразурасын өз денеси менен жаап, Воронеж фронтунун 6-армиясына чабуулга өтүүгө шарт түзүп берген. Жердешибиз Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин кийинчерээк Александр Матросов дагы кайталаган.

Фашисттик аскерлер басып алган аймактардан, анын ичинде Россиядан эвакуацияланган 150 миң адам үчүн Кыргызстан өз үйү, өлөң төшөгүндөй эле болуп калганы талашсыз. Кыргызстандыктар блокадада калган Ленинграддан 16 000ден ашуун адамды, анын ичинде 3,5 миң баланы баш калкалатып, асырап алганы белгилүү.

Мезгил дегенибиз катаал тура, жыл өткөн сайын сынаакы жылдардагы каардуу окуялардын катышуучуларынын катары суюлуп бара жатат. Жыл сайын Жеңиш күнүн майрамдоо менен биз жоокер-жеңүүчүнүн эрдигин түбөлүккө сактап калтыруу үчүн дагы бир топ иш жасоого умтулуп жатабыз. Эстеликтер, мемориалдар, музей экспозициялары, китептер жана фильмдер – булардын бардыгы абдан маанилүү жана зарыл иштер. Бирок, ошентсе дагы,эң оболу арабыздагы көзү тирүү ардагерлерди бапестеп багып, урмат-сый көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Анткени азыр арабызда эки миңге жетпеген гана ардагерибиз калыптыр. Биз ардактуу ардагерлерибиздин алдында өмүр бою карыздарбыз.
Ошондуктан биз, Парламент, Өкмөт менен бирдикте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын татыктуу өткөрүүгө милдеттүүбүз. Бир дагы ардагерибиз көңүл кырында калбоого тийиш.
Ардактуу мекендештерим!
Ата-бабаларыбыздын чапкан жолу, каармандыгы жана даңктуу таржымалы биздин милдетибизди арттырып, алдыга сүрөп, бийиктикке үндөп тургансыйт. Ата-бабаларыбыз көздүн карегиндей сактаган Мекендин, тынчтыктын, биримдиктин кадырына жетүүгө чакырып турат.

Тынчтык менен биримдик – бабаларыбыздын баасы чыккыс баалуу белеги! Аталарыбыз, апаларыбыз кыялданып, умтулган жакшы заманды, төрт тарабы төп келген мамлекетти куруу биздин колубуздан келет. Ынтымакта жана биримдикте болсок, алакандай алтын бешигибиз - Кыргызстанды кубаттуу, гүлдөгөн мамлекетке айландырууга болот. Мына ошондо гана биз согуш майданында кан кечкен ата-бабаларыбыздын арбагы алдында тизе бүгүп терең таазим кылганыбыз болот деп эсептейм. Мына ошондо гана биз улуу муун алдындагы өз милдетибизди татыктуу өтөгөн болобуз.

Майрамыңыздар менен, мекендештерим! Кудай элибизди-жерибизди колдосун! Баарыбызга ынтымак, берекет, ден соолук! Бар болуңуздар!

[attachment:2074]

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 9-май