Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Токмоктогу айнек заводунун иши менен таанышты

Бүгүн, 2012-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Токмоктогу айнек чыгаруучу “Интер-Гласс” ЖЧК болуп, заводдун реконструкциясынын жүрүшү менен таанышып чыкты.

Мамлекет башсычын коштоп жүргөн ишканананын башкы директору Жеңишбек Жаныбеков өндүрүш менен тааныштырып жатып, завод жылына 16 миллион чарчы метр айнек чыгарууну болжолдоп жаткандыгын айтты. Ошону менен катар заводдун мешинин ремонтун бүтүрүп, келерки айдын 14дө ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгын маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 28-май