Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө болду

Бүгүн, 2012-жылдын 28-майында,Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Чүй облусунда болду.

Мамлекет башчысы Токмок шаарындагы 52806 аскер бөлүгүнүн окуу борборуна барды. Бул жерде курал-жарактар жана аскердик техниканын көргөзмөсү уюштурулуп, атайын багыттагы “Скорпион” аскер бөлүгү атайын аскердик аракеттердин тактикасын көрсөттү. Президент аскер бөлүгүнүн обьектилери менен таанышып, жоокерлер менен  жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы  жоокерлердин турмушу, турмуш-тиричилиги менен таанышуу үчүн келгендигин белгиледи .“Азыркы кооптуу мезгилде Кыргызстанга күжүрмөн армия керек. Мамлекет өзүнүн армиясы үчүн каражат жана ресурс аябашы керек деп эсептейм”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 28-май