Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын лидерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асилбек Жээнбеков  дагы катышты.

Парламенттик фракциялардын лидерлери менен жолугушуунун жүрүшүндө мыйзамдарды жакшыртууга, ошондой эле өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүнө тиешелүү көптөгөн маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 21-май