Президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапар менен Казакстанга учуп кетти

Бүгүн, 2012-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасына эки күндүк расмий иш сапар менен учуп кетти.

Бул иш сапар Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакырыгы боюнча жүрүүдө.

Коңшу республикага Кыргыз Республикасынын Президенти деңгээлиндеги биринчи расмий иш сапардын максаты – Казакстан менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана андан ары өнүктүрүү. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү боюнча конкреттүү долбоорлорду аныктоо.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга иш сапарынын жүрүшүндө  бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлушу пландалууда.

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү