Президент Алмазбек Атамбаевдин Президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу болду

Бүгүн, 2012-жылдын 10-майында, Казакстанга расмий иш сапарынын алкактарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө кеңейтилген курамда тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун жана андан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

«Биз бир тууган Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө болушунча колдоо көрсөтөбүз жана өлкөдөгү экономикалык реформаларды жана саясий кайра түзүүлөрдү колдойбуз. Биздин көз караштарыбыз бардык багыттар боюнча дал келет жана конкреттүү милдеттерди аныктоо керек», - деп айтты Нурсултан Назарбаев.

Алмазбек Атамбаев чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана талкууланып жаткан маселелердин бардыгы боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилгендигин белгиледи. Кыргызстандын мамлекет башчысы белгилегендей, «эми конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга өтүү зарыл».


КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү