Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 11-майында, Казакстан Республикасына расмий иш сапарынын алкактарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун жана аны андан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери  талкууланды.

Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алды жана Казакстан Кыргызстандын экономикалык реформаларына болушунча колдоо көрсөтөрүнө ишендирди.
 
Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев кызматташтыкты конкреттүү долбоорлор менен бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында жана Казакстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында болуу тартиби жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун маанилүүлүгүн белгиледи, муну менен эки өлкөнүн жарандарынын бул өлкөлөрдө жүрүү мөөнөтү 90 күнгө чейин узарууда.


КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү