Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга барган расмий сапардын жыйынты

Бүгүн, 2012-жылдын 11 майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстан Республикасына жасаган расмий сапары аяктады.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын территориясында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын территориясында жайгашуу тартиби тууралуу Макулдашууга кол коюлду.

Кол коюлган Макулдашуунун негизинде Казакстандын территориясында убактылуу жашаган Кыргызстандын жарандары ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөндөн кийин Казакстанда 90 сутка жүрүүгө укук алышты. Кыргызстанда убактылуу жашаган Казакстандын жарандарына дагы дал ушундай тартип белгиленген.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Анда 2012-жылдын августунда Кыргызстанда кыргыз-казак Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңештин кезектеги үчүнчү отурумун өткөрүү тууралуу белгиленет. Аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенти менен Казакстан Республикасынын Президентинин стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы этабын чагылдырган биргелешкен юбилейлик декларациясынын долбоорун даярдоо зарыл.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча тараптар эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнү 1 млрд. АКШ долларына жеткирүүгө даярдыгы белгиленди.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга расмий сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчылары чек ара аркылуу өткөрүүнүн жаңы пункттарын ачуу тууралуу макулдашууга жетишишти.
•    Чүй облусунун Кант шаарындагы Актилек-автожолу өткөрүү пункту үстүбүздөгү жылдын 15-майында ачылат.
•    Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра-автожолу өткөрүү пункту, казак тарап жакынкы күндөрдө ачууга даярдыгын билдирди.

Бажы бирлигиндеги өнөктөштөрү менен маселени макулдашкандан кийин Талас облусундагы Кичи-Капка-автожолу аркылуу өткөрүү пунктун ачуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Ошону менен катар нефтегаз, суу-энергетика, транспорт-коммуникация, кен казып чыгаруу жана иштетүү тармактарында, айыл чарбасында жана туризм боюнча кызматташууну активдештирүү маселеси макулдашылды. Тактап айтсак, Казакстан тарапка Кыргызстандын аймагындагы ГЭС курулушуна катышуу сунушталды. Казакстан тарап конкреттүү инвестициялык долбоорлорду кароого даяр экендигин билдирди. Кыргызстандын «Датка-Кемин» ЛЭП курулушун баштоого даяр экендигин эске алуу менен, Казакстан тарап жаңы энергетикалык алкак түзүү үчүн Алматыга чейин ЛЭПтин курулушун баштоого принципиалдуу макулдугун билдирди.

Мындан тышкары кыргыз-казак Биргелешкен Инвестициялык фондду конкреттүү түзүү үчүн «Самрук-Казына» делегациясынын Кыргызстанга келиши тууралуу макулдашылды.
Үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстанда Казакстандын маданиятынын бир айлыгын өткөрүү болжолдонууда.
Макулдашуу-укуктук негиздерди толугу менен инвентаризациялоо тууралуу чечим кабыл алынды
Үстүбүздөгү жылдын август айында Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү